тайбас
- Жолборстун өзүнчө түрү. Эпос боюнча жолборстун чоңу, күчтүүсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп, / Тарамыш желим жаткырып, / Колу менен чырмаган, / Мелтиреген таш сайып, / Найзасы кеткен таш жарып, / Андай нечен сынаган, / Учун ууга сугарткан, / Таштан тайбас найзасы, / Бекбачадан тайганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайта имерип сайарда, / Карт кекирип, шаң күлүп, / Куургучу-куу найза, / Таштан тайбас көп найза, / Тарк оосуруп кара бет, / Жердин бети топурак, / Туман түшүп боз болуп, / Найзасы менен Кененди, / Май сооруга бир койуп, / Соорудан тийген куу най…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбостон, / Ажыкең жете барганы, / Айтып муну салганы: / — Сапат берип тайбасам, / Сабагыңды байкасам, / Сары алтындын кенисиң, / Сапарыңыз кут болсун, / Самап бизди келипсиң, / Куйругу кучак буудайык, / Азуусу болот арстансың, / Ак дин издеп баскансың, / Амири менен алланын, / Алтайдын жолун ашкансың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошол кезде Алмамбет, / Кырга чыгып калганы, / Көкчөнүн көрүп абалын, / Акылынан тайганы, / (Акылынан тайбаса, / Айкырбай жетип барбайбы, / Ажыратып Көкчөнү, / Коңурду сайып албайбы?!) / Ашыгып кетип Алакең, / Айабай салды айгайды, / Алмамбет үнүн укканы, / Адырайган ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →