тазала
- Таза кылуу, кирин кетирүү; ыпыр-сыпырдан, чөп-чардан арылтуу.
- Жоготуу, жок кылуу, четтетүү, курутуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Алмамбет какшанып, / Басылбай боздоп үн салып, / Ичин жарып жинди алып, / Тазалап канын жуудуруп, / Катырма даары куйдуруп, / Каратып туруп Манасты, / Бакай ханга баш жагын, / Баркы менен жуудуруп, / Табытка салып Көкчөнү, / Үч жеринен бууду…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйкырлап Кумсар кас чыгат, / Утур келип калыпмын, / Жанын каткан камышка, / Өлтүрүп аны салайын, / Татаалы жок тазалап, / Жолду ача барайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Дасторкону териден, / Тазалап алып кеткенде, / Тамылжыган Кызыл дөө, / Ошондо сөзгө келди эле: / “Кайдан келген кишисиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →