тажаал

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Диндик түшүнүк боюнча: акыр заман болгондо чыга турган ажыдаар.
  2. өт. Ажаан, албуут, бейжай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…“Өрдөктү көлдөн аттык, — деп, / Өзөндүн жолун ачтык – деп, / Кулжасын төрдөн атты, — деп, / Тоонун жолун ачтык, — деп, / Куу түлкү кармап алалы, / Куу Коңурбай тажаалга, / Туйундурбай баралы, / Түртүшүп калба салалы” / Деп ошентип баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк деш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…парбайт белем чалгынга, / Мине келсең атыңды, - / Манас анда муну айтат: / — Кул пендеге ар качан, / Кудай салат ажалды, / Кудай салган ажалдан, / Куу Коңурбай тажаалдан, / Аккула ат айрып калабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыр алдырып өз элге, / Шылдың болуп өзгө элге, / Антип тирүү жүргөнчө, / Айтканым айткан эме эле, / Касиеттүү Тапан хан, / Кара каш сулуу тажаалдан, / Акылдашып кеп алып, / Эп келгенин эм алып, / Салгылашып көрөйүн, / Колго тийсе кокустан, / Чойтолоң, Тапак, Тазкара, / Жүрөгүн тирүү жулайын, / Өз майына куурайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арбагына жөлөнө, / Атам баатыр Манаска, / Эрегишин көрөйүн, / Эсирген бул тажаалга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Табарсык, эки бөйрөгү, / Талаа-талаа бөлүндү, / Адамда тажаал, кара жүз, / Мунун да каны төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →