таене
- Эненин энеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мен таенемди ээрчип, тышка чыгып баратканда, ал уйпаланып, көзүн жаап калган чачын бир жагына сылап жатып, мага бурулуп, «кетип баратасыңбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Таенем мени балчайган, чоң курсак тору бээге учкаштырып алып, үйүнө кечкире келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү эртең менен таенем келинине айтып, бир кичине көнөчөккө мага айран куйдуруп берди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кой саадырып турсам, таенем жаныма келип, бутактуу кыпкызыл табылгы таягын оң колуна бош таянып тура калды да, менин үстүмдү айландыра карап алып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Буга таенем да көп карышкан жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →