тагдыр
- Турмушта адамдын эркинен тышкары боло турган, ар бир адамдын бешенесине буюрган, башынан өткөрө турган окуя, жазмыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Кирин жууду Медеркан, / Айтып берди баарын, — деп, / Жашырып жүрүп кеп айтпай, / Жалтанып жүрүп өлдүм, — деп, / Аз элде тагдыр шол белем, / Азабын эми көрдүм» — деп, / Өзүнчө сүйлөп кобурап, / Билинбей тили күңгүрөп, / Араң кетип баратса, / Сүрөтү мунун сүлдүрөп, / Учурап калды Чигитей, / Ач жолборстой күркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эркиндеп өскөн мен камыш, / Сен сууда турган жекенсиң, / Тагдырың ушул белем, дейм, / Сөөгүңдү алар киши жок, / Бул дүйнөдөн кетерсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Төштүк кеп айтат: / Бир күн мында конуп кет, / Бир түн конок болуп кет, / Тагдырдын ишин ким билет, / Кимдер өлөт, ким келет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суктанган сүйүү кандырып, / Сүйкүмдүү мээрим алдырып, / Тынымканды бергенсиң, / Тагдырың ушул турбайбы, / Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Урманбеттин алдагы тагдырын ойлоп, көпкө уктабай жаттым...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →