тага
- диал. Таяке.
- Жалпы эле эненин төркүн жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңы ханды аздырып, / Тоого алып барып азгырып, / Жаңы ханды жайлады, / Кылычка канын майлады, / Башын кесип байланды, / Жаңы хандын ордуна, / Дабытайдын тагасы, / Коросонго баш болуп, / Ал түгөнгүр шайланды, / Дабытай кунун кубам, деп, / Жанына кылыч байланды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара жанга күч келип, / Кара күчкө жалынып, / Ыйлаганын мунун көр, / Угуп баатыр кара көк, / Көтөрөт жүктү кара лөк, / — Болбой турган бул бир кеп, / Койчу, тага, койчу, — деп, / Элден талап олжо алган, / Эл башкарган улуктар, / Калкты кармап кор кылган, / Кан тактада укмуштар, / Карапайым тим элде, / Кимисинде жазык ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Манас кеп айтты, / Кеп айтканда деп айтты: / — Бай Жакып менин атамсың, / Жамгырчы, Шыгай, Текечи, / Атама тууган агамсың, / Ак балта жакын тагамсың, / Байжигит менен Кыпчакбай, / Катардагы байларсың, / Кулак салып тыңдаңар, / Ушул менин айтарым, / Тойдун камын кылсаңар, / Катын алмак Манасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аттанганда акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Сен элең маа тага, / Такоолум элең артымда, / Тиреги элең калкымда, / Найзамды кармап турчу элең, / Көк жолборстой алдымда, / Мен Манас калдым бейпайда, / Көзүрүм чубак сен кайда?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк келип тайганды, / Жазганбастан кармады, / Ала жүргөн жанына, / Чыгарып алган каргыны, / Мойнуна тага калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →