табышмак
- Чечүү, жообун ойлоп табуу үчүн түзүлгөн, көбүнчө ыр сыяктуу уйкалышып келген кыска текст.
- Сыры жашыруун, белгисиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки күндү болжошуп, / Табышмак болду Медеркан, / Чаганчыда жол кошуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Менин багыма мынабу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да, даана жазылган кат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби, – деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →