табыш3
- Жарашуу, элдешүү, араздашпай калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колун сунуп кол артып, / Көзүн ачып сөз артып, / Табышып элге боло элек, / Акылы келип ордуна, / Он сегизге толо элек, / Жоготолу жаш кезде, / Баш көтөртпөй тебээлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мейкин түздө табышып, / Семетей менен сайышып, / Найзаны бетбак какпады, / Жолборс жүрөк, сом билек, / Шер Семетей баатырдан, / Эки катар найза алды, / Эрдемсип туруп берем деп, / Экинчиде тас калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →