табын
- Кулдук уруу, сыйынуу, баш ийүү, баш уруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Далайдын жанын алыптыр, / Байлоодон Матан бошонуп, / Табына келген шумкардай, / Жылмайа түштү боштонуп, / Тартынбаган эр экен, / Ламанын турган тобуна, / Киргиси бар ат койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрө салып эр Сүйүн, / Акжал менен койгулап, / Табына келген тулпары, / Тизгин кагып чойгулап, / Бактыбайга бурулуп, / Келе жаткан Ачакан, / Ат дүбүртүн укканы, / Эр Сүйүнгө сайдырбай, / Жолунан тосо чыкканы, / Ак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Табына келген Сарала ат, / Ооздук тиштеп кыйгачтап, / Чойуп кетти ыраактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс) / Бүркүтүмдө такыр бар, / Мунун бирөө кем эмес, / Суратыптыр мына деп, / Көтөртүп берсем ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →