табылгы
- Кызыл-күрөң түстөгү өтө жоон эмес катуу, жапайы майда жыгач.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоктой кызыл табылгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн там…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чокусуна чок койду, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койду, / Алаканын бек кылды, / Душманды карай кек кылды, / Табылгыга саптады, / Бүлдүргө такчу жерине, / Чулгур салып көзөткөн, / Абышканын көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Күдөрү кылган ак кайыш, / Чайан түйүп терс байлап,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чок табылгы жайлаган, / Жоо дегенде шайлаган, / Чоң Кара атын байлаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →