табият
- Жер бетиндеги бардык жаратылыш, бизди курчап турган материалдык дүйнө, айлана-чөйрө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ак-Сууга караганда мунун табият байлыгы мол.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →