табарсык

китептерде 34 жолу, 8 китепте
  1. Сийдик жыйылуучу жана аны сыртка чыгаруучу баштыкча сыяктуу дене органы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…енен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ңдаган калмакты, / Эки этеги жыйылбай, / Салбаңдаган калмакты, / Токойдо жапа доңуздай, / Дардаңдаган калмакты, / Карчыганын балык эт, / Найза менен муштады, / Табарсыкты аралап, / Найзанын учу чыкканы, / Калмакты сайып алганы, / Кара жерди майлады, / Башын кесип байланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Белдүү баатыр Алмамбет, / Алдыңкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Өлөөр жери ушу деп, / Анда ойлонду Алмамабет: / “Алты кабат темир тон, / Экөөнү бузуп өтөр, — деп, / Төртөөнү кайдан бөсөр? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Табарсыктын башы — деп, / Алдында ээрдин кашы — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →