табала
- Табасы кануу, таба кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дабытай айтты канча кеп, / Саламатты табалап: / “Үч атаңды кыргыздар, / Канын чачты агызып, / Элин бузду чачылтып, / Бакма кызга алданып, / Сен жүрөсүң маминтип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулдарга атын береби, / Колчоктоп өзү минбейби, / Аттын изин төтөлөп, / Ал Манас кууп келбейби, / Кимдер издеп табалат, / Уулум сендей мергенди, / Тосуп туруп атып сал, / Башын кесип алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп табалайт калгандар, / Анда айлам не болот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Душман үчүн Орусхан, / Уулуң кызын алганы, / Алдынан тосуп баралы, / Табалатып душманга, / Уйат кылып салбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Аскериң жүрдүм аралап, / Баатырын билдим чамалап, / Эми шылдың болбойун, / Жыгылдың деп маңгыттар, / Калбасын мени табалап”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →