табак

китептерде 65 жолу, 10 китепте
  1. Тамак-аш салууга же куюуга колдонулуучу, көбүнчө тегерек формада болгон жайпак же чуңкур идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ээрдинен көзөп тешейин, / Кайда барсам мен башын, / Байланып алып кетейин, / Көзүнө күндө сийейин, / Мээсинин ордун табактай, / Арак куйуп ичейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кудай билет өлүштү, / Кудай билет келишти, / Катын менен баланын, / Кайрылып жүзүн көрүштү, / Биргелешип олтуруп, / Бир дасторкон бетинде, / Бир табакка кол салып, / Биригип даам ичишти, - / Анда Ажыбай мындай дейт: / — Айтканыңыз ырас кеп, / Аркандап келген айым бар, / Айтып келген жайым бар, / Күрмөшүп койгон… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшикке казып кемеге, / Казан асып беш жерге, / Жаткан экен көп неме, / Басып барды жанына, / Отуз табак апкелди, / Ал капырдын алдына, / Колун сууга салбады, / Баарын койбой жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →