таба1
- Бирөөнүн башына түшкөн кайгыга, ишинин ордунан чыкпай калышына кубангандык, табалагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Белдүү болсо балбаның, / Болгун, бачым чыгаргын, / Кененимдин кебине, / Кеп табалбай Дабытай, / Жөө күрөшчү он бештин, / Мойнунан кынжы алганы, / Бирден барбай он беши, / Жабылып жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азуулуу менен тиркешип, / Аа дүйнө жүзүн табайын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качарга айла таба албай, / Туруп бердим дөбөгө, / Алдыма келген жигиттер, / Кийгени темир күрөөкө / Токтолуп турду кеп сурап, / Кайсы жер болот, деп сурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үйдүн тегерегинен ханды алты жыл издесең да табалбайсың, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →