таасирлен

китептерде 3 жолу
  1. Кандайдыр бир таасирге берилүү, бирөөнүн таасиринде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →