таарын

китептерде 75 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн кылган мамилесине, айткан сөзүнө ж.б. нааразы болуу, таарыныч кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Таарынтты мени Чыңгыш”-деп, / Айттыбы сага, Жаңгырым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Амалы кетип Гүлчоро: / “Он төрт жылдан бер жакка, / Азап тарттык канчалык, / Абакем албай капарга, / Таарынып калган экен” деп: / — Айланайын абаке, / Таарынгындай жериң жок, / Амалсыз калган биздерге, / Он эки жыл зар болдук, / Убакты жок издерге! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Кубанып айткан кебине, / Таңуу болгон белине, / Таарынган элде бегине, / Анда Кыйаз муну айтат: / «Кагылайын, Канчоро, / Кайратың артык, эр чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эгер эртең көрчү болсок таарын-байсыңар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →