таары

китептерде 27 жолу, 10 китепте
  1. Араалоо, араалап кесип салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Пилди ичке мойундан, / Таарый чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Угуп жүргөн кабар да, / Ногойбайдын эки уулу, / Көчкөн экен айрыла, / Энчиге малын бөлгөндө, / Бирине бири таарына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кишиге айтып жаткандай, / Канаттууга таарынат, / Кукулуктап жорголоп, / Эне-атасы жетишти, / Баласын көрүп жарасын, / Экөө тең учуп кетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Отун таарычумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →