таар

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Жүндөн, кебезден ийрилген жиптен, кендирден калың согулган кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…е, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баарысын, / Таарып өтүп кетти эле, / Бекбачада тору жок, / Майтору менен калды бош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмабаш огу жеткени, / Кутулуп кулжа кетбеди, / Челектей болгон коргошун, / Мойнун таарып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Далысынын кечирин, / Таарып кесип алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Дегеле болбой көөнүм жай, / Мен элимди эстесем, / Ичке толот кайгы-зар, / Жамбашка жасап тааратты, / Мана мындай болдум кар, / Көөнүмө кайгы толуптур, / Иш оңунан кетээрде, / Канаттууну биздерге, / Жолуктуруп койуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →