таанымал
- Белгилүү, тааныш, мурдатан белгилүү, тез тааныла турган, оңой айырмаланган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аксакал өзү кары эле, / Анын аты Адылбек, / Таанымал элге жан эле, / Жакып менен ар качан / Теңтуштук жайы бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайра какпай найзасын, / Учунан кармап, бек силкип, / Алың канча деп силкип / Баатырлыгы Тапактын, / Башкача экен адамдан, / Тапан хандын элинде, / Таанымал чыккан бир балбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ «Жакын экен болжолу, / Таанымал турат колдору.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Карсылдашкан кыргында, / Канчасы барган каңгайдан, / Караса баатыр Сомбилек, / Ал көзүнө таанымал, / Элүү бирге бердирди, / Чакыртып келип андайдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →