таамайла

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Дал келтирүү, таамай кылуу, таамай болгудай кылып тууралоо, түздөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оңтойуна келтирип, / Ойлоно издеп амалды, / Алты айланып өткөндө, / Алкым безге муштады, / Таамайлап так болжобой, / Жаза муштап таштады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чендеп Чубак качырды, / Камынды капыр чапканы, / Чаптырбастан Чубагың, / Так таамайлап кайран эр, / Каржиликти булчуңга, / Найза менен муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таамайлап бирин сайа албай, / Найзасын канга мала албай, / Кылча жанын айашып, / Кылчаңдашып кала албай, / Тай-талаш болуп ушундай, / Турган кезде Коңурбай, / Мына мында… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алардын иши ушундай, / Ырасын айтсак учурбай, / Тартынбай чунак кенедей, / Таамайлап шилтеп ченебей, / Он эки карыш олжогой, / Оозу түбүн байкабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Таамайлап келип бек сайды, / Аркасынан Сырнайза, / Учу чыгып кылтайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →