таамай

китептерде 86 жолу, 9 китепте
  1. Дал, так, туптуура.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, / Таамай ыгын табышты: / — Агеркеч менен Алмамбет, / Алышкан жар – деп айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мелтиреп абаң унчукпай, / Кылайып бир ооз кеп чыкпай, / Кайра тарткан кездерде, / Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай кебин салды эле: / — Мен Гүлчоро, сен Буурул, / Казакка кеткен тартууга, / Кайдан келип туш болдуң, / Абакем салган Акшумкар, / Абам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Деп, ойлонуп турганда, / Өөрчүп турган Гүлчоро, / “Кайратым мындан кемби — деп, / Жер менен жексен кыламын, / Таамай чапсам сени — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →