таалим
- Үлгү, тарбия.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акылымдан айныдым, / Сексен ашып карыдым, / Баштакыдай азыр жок, / Жаш кездеги калыбым, / Бирге жүрүп алгамын, / Эр Семетей, Күлүстөн, – / Ал экөөнүн таалимин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Койуп өттү барганды, / Бирин тирүү кетирбей, / Майданга барган балбанды, / Самсалаап манжу уйалбай, / Сак он беши барганы, / Кененимден токсон күн, / Эсинде таалим алганы, / Сырнайзаны ыргады, / Буларга сыр кылганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калдык менен Каракөз, / Ал экөөнү албасам, / Чыгышдагы беш урук, / Жерине айдап салбасам, / Элдин ичи тынч болсун, / Унутуп, Орун калбасаң, / Жазды-күздү эки убак, / Ак сарайды тайыгын, / Эсиңде сактап чыгарба, / Эр Кененим таалимин, / Жатсаң-копсоң алгансың, / Унутпассың тарыхын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Басып жүрөт иши көп, / Меникин билбейт деп ойлойт, / Көпчүлүктүн көзү көп, / Таалим берип хандарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тартт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ал экөөбүз бир барган, / Атам “Ноокас болгондо”, / Чала таштап окушту, / Байкуш Алмаң мен жангам, / Ошондуктан Шыпшайдар, / Таалимдин менден көп алган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →