таалайлуу

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бактылуу, ырыстуу, таалайы бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жөө күрөштө балбанды, / Жамбы атышты дагы алдың, / Кетирбедиң башкага, / Сүйүнгөндөн ошондо, / Жарылбай жүрөк калганы, / Ойлосом өзүм ушундай, / Жан экенсиң таалайлуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Талан кылам Таласын, / Талкалатам күмбөзүн, / Таалайлуу деген Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Ургаачы такка мингени, / Таалайлуу эрге тийгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →