таалай

китептерде 47 жолу, 9 китепте
  1. Бакыт, ырыс.
  2. өт. Бешене, маңдай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мөңкөтайдан айрылып, / Түштүктү карай кайрылып, / Идирмек кырда жөө басып, / Уктабай жүрүп түн катып, / Суусуну жок, карды ачып, / Кыйналып жаны баратып, / Таалайы бар Мадана, / Чигитейге туу белде, / Келип калды жанашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Мен сыйынам таалайга, / Айткан сөздү актайым деп, / Бир жыл турдум таалада. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →