сөөмөй

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Бармак менен ортондун ортосундагы манжа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сөөмөйдөй болгон ак чабак, / Чыга калды жалт этип, / Аркасынан бир кылыч, / Кошо чыкты жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тты минем, деп, / Көк күбө тонду кийем деп, / Көз каран кылып казакты, / Көпчүлүктү билем, деп, / Көрүнөө болсо каршылык, / Бетиңди бирден тилем, деп, / Көзүңө сөөмөй шилтеди, / Ордоңо эми тием, деп, / Унуткусуз сыр кылды, / Ушул бизге чыр кылды, / Топ жигит карап турбады, / Туш-тушунан жаалады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бармак менен кыдырып, / Сөөмөй менен сыдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондой кыл,— деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Вазир сөөмөйүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп күйүп калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →