сөөлөт

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Жакшы атак-даңк; дөөлөт, салтанат, шаң.
  2. Сый кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Кештеге кире калыңар, / Топ таш–чакмак ойноңор, / Салтанат кылып тойлоңор, / Комуз черткен бар болсун, / Кошулган обон ыр болсун, / Илбирстей болуп суналып, / Сөөлөт күтүп барыңар, / Султандан артык дуулаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сөөлөтүн көрүп Карадөө” / “Ойноп жүргөн топ адам, / Периденби, пендеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сөөлөтүндө Семеңдин, / Сөз кыларга буруу жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тамаша көрүп таңыркап, / “Тигиндей тарт, мындай чап” / Башкарып турган биринен, / Жыйырмаларда жашы бар, / Сөөлөтсүнүп керилген, / Бирөөнөн бала сурады: / — Сымбаттуу сонун агамсың, / Мен жолоочу келген баламын, / Талаасы топ-топ чогулуш, / Көз кайкаган Таластын, / Кайсы экенин биле албай, / Аң-таң болуп турамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →