сөөк
- Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин бөлүктөрүн түзүүчү катуу зат.
- Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы.
- Теги, негизи, тукуму.
- Өлүк.
- Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык.
- Зергерчиликтин жердиги, көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү негизи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…капташты, / Өлгөн экен баатыр деп, / Өлтүргөн экен каапыр, деп, / Койуп кетип баратып, / Чакмакташтын тарп болгон, / Өлүгүнө жанашты, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жүрбөй артынан, / Лопнурдун көлүн тосом деп, / Өлүшүнө Чакмак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сөөк-саагы ичке.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →