сөпөт
- диал. Быт-чыт кылып талкалап, мүлжүп жок кылып жибергендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлүп кетип жоголуп, / Сөөгү сөпөт болсо да, / Кары-жашы тең эстеп, / Кейигени ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Же бутунан тиштеп сүйрөсөм, / Башын өөдө кылгынча, / Зоого салып жиберсем, / Сөөгү сөпөт болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Амалсыз туруп бересиң, / Эки көзүң жалдырап, / Сөөгүң сөпөт болосуң, / Устуканың шалдырап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п, / Кара тоодо бу капыр, / Кайра атка мингенде, / Кандай адам тең келет, / Мен чабайын балталап, / Кармаар колу жок калды, / Сайгын, баатыр найзалап, / Сөөгүн сөпөт кылалы, / Солокени талкалап, / Мурадил, Уушаң, Жанадил, / Келе албайт жанын калкалап, - / Алмамбет чаап чокуга, / Чубак сайып бойуна, / Солокени кулатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шаркырап каны чачылды, / Сөпөттөй сөөгү жанчылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →