сөлөкөт

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кебете, бир нерсенин сырткы көрүнүшү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камчыга атын бөлөдү, / Татыбек баатыр жөнөдү, / Келе жатат Адырай, / Жапжалпак мурду далыдай, / Сөлөкөтү көрүнөт, / Суур кууган айуудай, / Үркөрдөй болгон Жылбаскер, / Чычаңдап койот качырдай, / Эби келсе аты да, / Жегидей сөөк кажырдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карасынан чаары көп, / Көзү чекир сарыча, / Ыраңы кара чочконун, / Ташбаканын түрүндөй, / Сары түгү сапсайган, / Кирпи чечен түгүндөй, / Сакал менен мурутка, / Деги темир тийбеген, / Жапайы доңуз жүнүндөй, / Жыландай өңү өтө чаар, / Сүрөтү адам болбосо, / Сөлөкөтү башка жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Арстан кудукту карап, өзүнүн сөлөкөтүн көрдү да: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →