сөлдөй
- Көрксүз, дөлдөгөй, кыймыл-аракети бош, кашаң көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жаман шапалагын сөлдөйтүп, колуна коомай кармап алып, ортосун ачып, тегеректеп, жарданып турган топтун бир четине менден кийин барып бу да туруп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →