сөйкө2
- Сүрүү, ышкуу, жышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төрөй элек жаш келин, / Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темиркандын Ысмайыл, / Бешке чыккан бала экен, / Орускандын ошондо, / Үрпөк деп кызы бар экен, / Кылжейренде Карахан, / Сөйкө салып ошого, / Башына берген чагы экен, / Бир күнү жарап жуп кызга, / Кылжейрен баалуу мал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Он эки буттуу чоң чачпак, / Аркасында шаркылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аттарынын баарысы, / Алтымыш асый болгуча, / Азуусун сөйкөп карыбаган, / Жети айга минсе талбаган, / Жетимиш асый болгуча, / Тилдигин сөйкөп карыбаган, / Караңгыда калт этпес, / Башка чапса жалт этпес, / Алаштан чыккан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем, – деп падыша кызына убада кылды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →