сөзсүз
- Айтылуучу ойду бекемдөө, ырастоо маанисинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– "Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар, ошону алып кел", деп жиберсек, Чыныбек сөзсүз өлөт, жолдо ажыдаарлар көп, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Биз бул хандын баатыр баласынын аты бар деп уктук эле.Ошону берсе, душманын сөзсүз жеңип берем, – деп ханга айттырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Мейли кандыгымды алсын же үч кызымдын жактырганын алсын, мен сөзсүз убадамды орундатам.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Менин кызымды ким айыктырчу болсо, ошол кишиге дал ушул ооруп жаткан кызымды сөзсүз берем!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →