сөз
- Речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган бирдиги.
- Речь, кеп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин Каракөз, / Айтканы так таттуу сөз, / Анткен менен Каракөз, / Ниетинде күмөн бар, / Колдон келсе иш бөлөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…р ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →