сүт1
- Балдарын тамактандыруу үчүн аялдардын жана сүт эмүүчү айбандардын ургаачыларынын эмчегинен чыгуучу ак түстөгү азык.
- Кай бир өсүмдүктөрдөн же анын мөмөсүнөн чыгуучу ак түстөгү суюктук, суюк маңызы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, / Өлтүрүп салбай ошондо, / Багып жүрүп курган жан, / Сенден көрдүм кардыкты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, айтканда Канчоро, / Каныкей айтат ошондо: / «Айланайын, балам, — деп, / Айтайын сөзүм саган — деп, / Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай, / Саа салганда, балам, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →