сүрөөнчү
- Атты марага чейин сүрөп жеткирүүчү киши.
- Кыйкырык-сүрөөн салган, кыйкырып кубаттап турган киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыңар, / Шибердин белин ашканда, / Улуу жолго салбайлы, / Бөксөдөн тайып калбайлы, / Чоң бөктөрдөн чыкканда, / Анан атты жандайлы, - / Баарысын кабыл алыптыр, / Сүрөөнчүгө көрсөтпөй, / Тегеректеп Кула атты, / Тетири жолго салыптыр, / Чубак, Сыргак жанашат, / Калган алтоо жете албай, / Караандаша келатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч күн мурун алдында, / Сүрөөнчү кеткен алыска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →