сүрөөн

китептерде 35 жолу, 7 китепте
  1. Ат чабышта ж.б. учурларда коштоп сүрөгөн, дем берген кыйкырык-чуу.
  2. Душманын сездендирүү, үрөйүн учуруу максатында чабышка, урушка киргендеги кыйкырык-чуу, айбат.
  3. өт. Чакырык, алга чакырган ураан, алга тарткан, дем берген жардам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ач кыйкырык сүрөөндө, / Ашкере баатыр баланын, / Алдынан чыгып жол кошту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карсылдашып салышып, / Жарактарын кыйратып, / Куру кол болуп калышып, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Киши коркор сүр чыгып, / Беттерине карасаң, / Эр Саламат, Кесилет, / Бир пайпактык түк чыгып, / Ач кыйкырык куу сүрөөн, / Ал экөөндө ким жүргөн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жай чоло жок денеде, / Чаптаган соот күрөөкө, / Айкөл Манас эр Коңур, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Айбаттанды бул экөө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейит менен басташып, / Кыргыз менен касташып, / Таламын элдин талашып, / Ач кыйкырык – куу сүрөөн, / Кызыл кан аккан кыргында, / Акылыман азбадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кылычын тартып кынынан, / Бурдатып чаңды кыйрынан, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Манастап ураан чакырган, / Кайта кирди чамынып, / Ал Ойротко кабылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →