сүрөө2

китептерде 7 жолу, 4 китепте сүрөө 1 →
  1. Ат чабышта, жарышта атты сүрөшкө уруксат кылынган жер, чек.
  2. Сүрөөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Минген атын чуратып, / Артынан чаңды чубалтып, / Кыйа артып жөнөдү, / Каргаша келип капташса, / Адамдын көзү көрөбү, / Катар келген кош аңдын, / Туурасы сүрөө бута атым, / Бозаланы Чакмакташ, / Камчы менен шыбады, / Эти ачынган Бозала, / Арыштап катуу чуркады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүрөөсүн журттан аларбыз, / Сүт көлүн кандай кылабыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтын менен күмүштүн, / Сүрөөсүндөй түрү бар, / Асмандан эңиш качырган, / Алп кара куш сүрү бар, / Кызыл буурул аты бар, / Кылымдан башка салты бар, / Белде кылыч ай балта, / Нур төгүлүп жаркырар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Таң сүрөө мезгил болгону, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй таралып, / Ойгонгондой түшүнөн, / Кирпик ирмеп Гүлнар кыз, / Жан-жагына каранып, / Өңүм болуп калды, деп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сүрөө бута жер алыс, / Жыдыманга илинбей, / Кылдай болот карарып, / Мылтыгын тартпай Сейитек, / Мээлеп турат мелтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →