сүрөттөй

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Сүрөт сыяктуу, сулуу, келишимдүү, жарашыктуу, кооз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…мир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар, / Капыстан чыккан качырып, / Ак жолбор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жал, куйругу түпөктөй, / Тумшугуна караса, / Сымга тарткан күбөктөй, / Бүткөн бойу жарашык, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйгөнүм Тапан сен турсаң, / Сүрөттөй болуп мен турсам, / Ишибиз кайдан оңолот, / Сымбатың менден шек кылсаң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара бойу келишкен, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →