сүрүн

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Сүрдүгүп кетүү, сүрүлө мүдүрүлүү.
  2. Өйдө-төмөн сүрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдырып келип Ырыскан, / Азыраак сүрүн көрсөтүп, / Куушурулуп өпкөсү, / Кубулуп кызыл өңү өчүп, / “Абалын байкап булардын, / Андан кийин сурайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жыландын коркуп сүрүнөн, / Качып калды аптыгып, / Аңгычакты Куткарбас, / Жолгошуп калды чакчыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бакырыгы баш жарып, / Акырыгы таш жарып, / Жетимиш миң көп черүү, / Түрүн көрүп капырдын, / Кылып жаткан амалын, / Сүрүн көрүп капырдын, / Гүлчоро турду муну айтып: / — Качып бербей калдаңдап, / Этек кетип далдаңдап, / Эки бут кетип салпаңдап, / Эрдемсип уруш кылбайлы, / Элди кырып барбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мунун сүрүн көрүңөр, / Сакалы саадак кабындай, / Сан миң кара кыргызды, / Сапырып ийип тынгыдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →