сүрт
- Аарчуу, сүрө аарчуу, сүрүү, жануу.
- Үстүнө жукалап сыйпоо, сүйкөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жердин бетин сыйпалап, / Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, / Күлүмсүрөп жылмайып, / Карап турду бир далай; / Бир мезгилде карасаң, / Кой оозунан чөп албас, / Коңур чечен Ажыбай: / — Эңкейип белиң бүгүлгөн, / Эңчелеңдеп жүгүнгөн, / Жайыңды айтчы, ким элең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитинен ийменип, / Туйгузбай алар Сейитке, / Жаштарын төгүп жиберип, / Жоолугун кармап имерип, / Жаштарын сүртүп жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалынамын, жалбарам, / Сыркоргондун топодон, / Бир чымчымды алдырам, / Көзүмө сүртсөм үч бөлүп, / Ошону менен айыгам, / Ачылган багың турбайбы, / Арстан чыгып жолуңан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үстүбүзгө жуккан апийим, чимкиригин үнөмү жеңине сүртүп жүргөн жаш баланыкындай болуп, какачтанып катып калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →