сүргүн
- тар. Башка бир жакка (көбүнчө алыскы жерлерге) айдап жиберүү жолу менен берилген жаза жана ошол жазаны өтөө мезгили.
- тар. Куугун, куугунтук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бизди айдап кыргыздар, / Алып барды Батышка, / Сүргүн кылып таштады, / Биздин элди Урумга, / Жай аттанып коноктон, / Жайыла тарап басалы, / Ат өргүтүп бир күндөн, / Ар кайсы жерде жаталы, / Туш келген жерден жылкысын, / Жылдырып айдап качалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өмүрлүк бирге жүргүнүң, / Бүтпөстүн доорун сүргүнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыргызга барып тийишип, / Кыргын кылдың тынч элди, / Кытайга барып эр сайып, / Сүргүн кылдың бул элди, / Туулуп-бүтүп ким көргөн, / Сен өңдөнгөн немени?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п кеткенде, / Баралбай анда калдың,-деп, / Бозуулга кошуп Бешуулду, / Беш күнгө дейре тургуң деп, / Келген ханды түшүрбөй, / Бир ууртам суу ичирбей, / Айкыртып сүргүн,- деп, / Келери - Төштүк, Керкөкүл, / Үрбү, Агыш, Музбурчак, / Бул жерлерге келе албайт, / Карап жүрө бербегин, / Келет деп алар кылчаңдап: / Жете баргын аркад…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен ошого барайын, / Уруксатың бергиниң, / Короолош коңшу олтурса, / Көрүп кайра жанайын, / Кол салып келген жоо болсо, / Койбой баарын чабайын, / Сүргүн кылып калмакты, / Кайра Каңгай чегине, / Айдап барып салайын, / Айабаймын жанымды, / Андан ары жөнөйүн, / Эли жерин мен көрүп, / Бейжингече барайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →