сүр3
- Бир нерсенин бетин жукалап кыруу, тегиздөө, жонуу, жылмалоо.
- Жышуу, сыдырып аарчуу, сүртүү.
- Кубалоо, кууп чыгуу; куугунтуктоо.
- Таратуу, таркатуу.
- Жылдыруу, бир жакты көздөй багыт алдыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көргөнү жок үн укту, / Кара бойун чыйратса, / Чигитейден сүр чыкты, / Качырып тийген Отордун, / Каары менен найзасы, / Кара ташка батычу, / Кумдай тозуп жатычу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күркүрөшкөн үнүнөн, / Көпчүлүк угуп жадашкан, / Алардын кылган ишинен, / Айырбай көзүн карашкан, / Айласы артып күч ташып, / Түн кетип, сүрүп таң аткан, / Менменсиген далай дөө, / Аларды көрүп жадашкан, / Жадагансып калбастан, / Баарлык күчүн айабай, / Жакалашып кармашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүрүп чыкты таң анда, / Эртең менен болгондо, / Элдин баары турганда, / Баса минип бууданын, / Хан Гүлчоро айлына, / Канчоро барып кеп айтат: / «Ой, Гүлчоро — деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →