сүннөт
- Эркек баланы отургузуу, колун адалдоо ырым-жырымы.
- Мусулмандар сөзсүз аткарууга тийиш болгон милдет, милдеттүүлүк.
- Мукамбет мустапанын иштеген иштери, калтырган осуяты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агып жаткан арыктан, / Адал даарат алышып, / Жайнамазын салдырып, / Экөө сүннөт, экөө парз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайра кирип үйүнө, / Жай намазын жайды эми, / Экөө сүннөт, экөө парз, / Кудай таала кудурет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бут дааратын алды эми, / Экөө сүннөт, экөө парз, / Кудай таала кудурет, / Өтпөй турган кыйын карз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Төрткө жашы келиптир, / Атасы келип калаар, деп, / Сүннөт кылбай ат койбой, / Мана минтип жүрүптүр, / Баласын көрүп Сомбилек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →