сүмбөдөй
- Келишкен, эттүү, толук (жылкыга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайберени көп экен, / Кайып атып талаадан, / Төрт күн атты өргүтүп, / Сууту канып күлүктөр, / Сүмбөдөй болуп жарады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
балдар, / Келиндер бойун жасанып, / Боз улан, жигит керилип, / Комдоно түшүп тап берип, / Улакты карай теминип, / Аттын баатыр токтобой, / Алоолонуп элирип, / Сүмбөдөй болуп күлүктөр, / Сыртына тартып семирип, / Уйдун баары саздарда, / Кемирчек казып кемирип, / Чириген ачкыл жыттанат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бакайдын катын карады, / Алаштан чыккан он төрт ат, / Сүмбөдөй болуп жарады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Үч жылдан бери жол баспай, / Калган экен зеригип, / Байлоодо турган аргымак, / Сүмбөдөй болуп семирип, / Басарга жерди табалбай, / Алоолонуп желигип, / Каба-кабат бел менен, / Капчыгай кара коо менен, / Каркайган кара тоо менен, / Калдырак таштуу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →