сүмбө
- Оозунан дүрмөттөлүп атылуучу куралдарда ок, дарыны салуу, ал эми тээгин басуу аркылуу атылуучу куралдарда майлоо, тазалоо үчүн колдонулуучу таякча, шомпол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Копурук менен кулатып, / Сандолунга салдырды, / Куржун башы дарыны, / Кулагына куйдурду, / Колодон кылган сүмбөнү, / Кулдуратып аркадан, / Окту чындап урдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нү чыкканда, / Чубаке, сен ок менен бирге жөнөгүн,- / Бура тартып Алмамбет, / Белестин берки бетине, / Сараланы каңтарып, / Кыл менен жышып мылтыкты, / Колодон сүмбө койгулап, / Көпсөрдүн оозун чойгулап, / Куржун башы дарыны, / Кур дедире куйду эле, / Коло, чойун аралаш, / Кунан уйдай коргошун, / Кулдуратып урду эле, / Сүр …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүмбөбөй туташ жоон сөөгү, / Кетмен соору, кең карчыт, / Кулжа көөдөн, теке сан, / Кайберен сындуу жаныбар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шыкаалабай кароолун, / Сүмбө менен от берип, / Сандоолунда аттырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сүмбө, Темиркенти, Ачталаа деген жерлер алда качан артта калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →