сүлөөсүн
- Мышыктар тукумуна кирүүчү саргыч күрөң түстүү үлпүлдөгөн жүнү бар, териси баалуу жырткыч айбан жана анын териси.
- астр. Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…алдыңкы атына, / Сайган байге мамындай: / Жону туйук жүз нар бар, / Жылкынын саны беш жүз ал, / Кошкон жамбы пулу бар, / Кызыл кымкап, шайы бар, / Кундуз менен сүлөөсүн, / Суусар, булгун дагы бар, / Миңге санын толтуруп, / Сайган байге жагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акырын басып суналган, / Куйругу жерде чубарган, / Жолборс, илбирс, сүлөөсүн, / Бөрүнү көрдүм бул жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, / Ачкүзөн, мадыл - булардан, / Кутулуп кете албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көгүчкөндөй көрктүүдөн, / Көк сүлөөсүн бөрктүүдөн, / Атилес көйнөк Алымжан, / Карабайдын Касиет, / Кашка тууган кара бет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →