сүлкүлдө

китептерде 50 жолу, 7 китепте
  1. Термеле солк-солк этүү, ыргак менен термелиңки солкулдоо.
  2. Солкулдаган, толуп, кулпунуп турган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йушуп, / Балталары чакылдап, / Найзалары такылдап, / Чогоол сүйлөп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Эми кандай болом деп, / Жүрөктөрү дүкүлдөп, / Найзалары сүлкүлдөп, / Көчүктөрү бүлкүлдөп, / Жалгыз жанды айабай, / Кылга байлап таштады, / Кыйаматты эске албай, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / — Эми кайда барасың, / Кыргыздан келген, кызталак?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сүлкүлдөп бойу чоң экен, / Не тосуласың мындан — деп / Канчоро турду күүлөнүп, / Айтканга карап сүйлөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →