сүлдөр

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Дененин сөөк түзүлүшү, скелет, эти качкан арык дене, кебете.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медерканды чыкыр, деп, / Эки жигит аттантты, / Баатырдан кабар барыптыр, / Кызыл кан жутуп кайгыдан, / Кыйактай мойну узарып, / Медеркан казак карыптыр, / Аппак болуп сакалы, / Жаш кезинде арыптыр, / Тирүүлүктүн дайны жок, / Коркунучу батпай жүрөккө, / Сүлдөр болуп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Каймагың бузбай жайкын жат, / Ошого барып мындан мен, / Калдыраган калмакты, / Тирүүлөй сүлдөр арбакты, / Өзүм билип таратам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дөөлөрдөн Макил, Солоке, / Сазаңдардын Бешкулак, / Эске алганда үч дөөнү, / Чыкпаган сүлдөр жан калат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайсаң, Мажик эрлерим, / Биттейимен айрылбай, / Бирге басып жүргөнүм, / Эрлерден түгөл айрылып, / Өлбөгөн турат сүлдөрүм! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каратып туруп Тапан хан, / Кызды алат Куткарбас, / Ошентип жүрүп кор болот, / Алтын так минген асыл баш, / Ичиңен жанып күйөсүң, / Өлбөгөн жүрөт сүлдөрүң, / Мен айткандын баары чын, / Болбосун мында күмөнүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →