сүйүү1

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Аял-эркектердин бири-бирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими.
  2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сарытаздын баласын, / Кимдер карап күлүүчү, / Аны кимдер сүйүүчү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кары да эмес, жаш да эмес, / Көңүлдө болот сүйүү шок, / Сени көрүп Тапан хан, / Жүрөгүмө түшкөн чок, / Элди бузат бир күнү, / Чойтолоңду жоготсок, / Тиги турган Сейити, / Салбаса элге кейишти, / Ким жактырбайт андайды, / Болуп турган убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сен коргошун эригем, / Сүйүүгө кана мээриңен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эндекей жерге туш болуп, / Эпсиз эрге баш кошуп, / Жүз жыл өмүр көргөнчө, / Муңканып жүрүп өлгөнчө, / Ойдоку эрге теңдешип, / Сүйүүгө бала терметип, / Өлүп кетсең өмүргө, / Саанасыз болуп көңүлдө, / Карымын-жашмын дебестен, / Кайгырбайт го өлүмгө, / Жарагын көр, өзүн көр, / Жалындан кызыл көзүн көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Суктанган сүйүү кандырып, / Сүйкүмдүү мээрим алдырып, / Тынымканды бергенсиң, / Тагдырың ушул турбайбы, / Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →